Министрлик ооруканалардагы көйгөйдү WhatsApp жардамы менен чечет

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министрлигинин имараты. Архив
Саламаттык сактоо министрлигинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр Талантбек Батыралиев кыргызстандыктардын WhatsApp аркылуу жиберген билдирүүлөрүнүн негизинде абалды жакшыртууга басым жасай турганын белгиледи.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги ооруканалардагы көйгөйлөрдү WhatsApp тиркемесине келген жарандардын дооматтарынын негизинде чече турганын мекеменин өкүлү Елена Баялинова билдирди.

Анын айтымында, узакка созулган кезек, медициналык жамааттын кайдыгерлиги жана орой мамилеси министр Талантбек Батыралиев менен талкууланган. 

"Facebook тармагындагы жарандардын койгон дооматтарын көрсөттүм. Ар бир катталган арыз боюнча Саламаттык сактоо министрлиги чара көрүп жатат", — деди Баялинова.

Бишкектеги кургап калган бак-дарак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия авариялык абалдагы бак-дарак тууралуу WhatsApp аркылуу билдирүүнү сунуштайт
Консультант министр кырдаалды жакшыртууга көмөктөшүүнү убада кылганын белгиледи. 

Саламаттык сактоо министрлиги жана министрдин өзү үчүн билдирүүлөрдү жарандар 0 (556) 382382 номерине жолдосо болот. Ал эми коомдук кабылдаманын номери — 0(312) 621023.

WhatsApp тиркемеси аркылуу көйгөй чечүүнү Бишкек шаарынын мэриясы демилгелеген. Мында муниципалитет шаардагы таштанды тууралуу билдирүүлөр үчүн райондук администрациялардын WhatsApp номерлерин коомчулук үчүн жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0