Статком: өнөр жай былтыркыга салыштырмалуу 25,5 пайызга кыскарды

Жазылуу
Ал эми жыл башынан бери металл кендери 1,7 жана мунайзат продуктуларын өндүрүү 30,7 пайызга өскөнү байкалган.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстандын өнөр жай өндүрүшү 39,5 миллиард сомду түзүп, былтыркы жылдын үч айына салыштырмалуу 25,7 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу маалымат Улуттук статистикалык комитеттин сайтына жарыяланды.

"Өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөшү негизинен баалуу металлдарды өндүрүүнүн 47,4 пайызга кыскарышына байланыштуу болуп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми жыл башынан бери металл кендери 1,7 эсеге жана мунайзат продуктуларын өндүрүү 30,7 пайызга өсүүсү байкалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0