Майдын аягынан тарта Кыргызстанда малдын башын каттоо башталат

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOЖайлоодогу жылкы. Архив
Жайлоодогу жылкы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда тийиштүү жабдуулар жеткирилип, мал доктурларды окутуу жагы каралып жатат.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Майдын аягынан тарта Кыргызстанда малдын башын каттоо башталаарын Ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматы билдирди.

Ветеринар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда малдын шарп жана бруцеллез дартын дарысыз дарылоо ыкмасы табылды
Ага ылайык, бүгүн аталган инспекциянын жетекчилиги менен Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) өкүлдөрү жолугуп, адистерди окутуу жана малды каттоонун чоо-жайын талкуулашты. ПРООН адистерди окутуу жана техникалык базаны колдоп берүү үчүн грант бөлөт.

Ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциянан билдиришкендей, учурда Ноокат, Кара-Буура райондорунда жана Чүй облусунун бардык аймактарында сынамык долбоорду ишке ашыруу үчүн керектүү жабдуулар берилди. Андан сырткары мал доктурларды окутуу жагы да каралган.

Май айынын соңунда биркалар даяр болгон соң болжол менен 700 миңден ашык мал каттоого алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0