БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 2010-2014-жылдар аралыгында аялдарга карата жасалган кылмыштардын саны 1,5 миңге өскөн. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин отчетунда айтылат.
"2010-жылы кыз-келиндерге жасалган зомбулук, кол көтөрүүлөрдүн 6 миң учуру катталса, ал беш жылдан кийин 7,5 миңге жеткен. Булардын ичинен 11 пайызы оор кылмыш болгон",— деп айтылат аталган ведомствонун маалыматында.
Жасалган кылмыштарды талдай келгенде, үй-бүлөлүк зомбулук көбөйгөн, анын ичинен кол көтөрүүлөр, катуу сабоо учурлары көп кездешкен.
"Анализ көрсөткөндөй зордоп никеге тургузуу арбыган. 2010-2014-жылдар аралыгында 3,7 эсеге көбөйгөнү белгилүү болду",— деп айтылат Статкомдун маалыматында.
Аталган ведомстводон мындай жагдайга кабылган кыздар жана алардын ата-энелери көп учурда укук коргоо органдарына кайрылбагандыгын кошумчалады.