Абдылдаев: КМШны реформалоого терең ойлонуу менен мамиле жасоо керек

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев. Архив
КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвада Кыргызстандын ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаевдин төрагалыгы менен КМШ өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын кезектеги жыйыны өттү.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештик уюмун реформалоого терең ойлонуу менен мамиле жасоо керек. Бул тууралуу КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Москвада өткөн КМШ өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын кезектеги жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан төрагалык кылган жыйында КМШ өлкөлөрүнүн министрликтеринин өз ара аракеттенүүсү, аскердик, саламаттык сактоо, маданият жаатындагы кызматташуу маселелери талкууга алынды. 

ЖК төрагасы: Евразиялык интеграция — өлкөнүн өнүгүүсүнө карай багыт
Кыргызстан өз пикирин так билдирип, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештик уюмун реформалоого терең ойлонуу менен мамиле жасоо керек экени белгиледи. Мында республика мурунку СССР айдыңындагы мамлекеттер үчүн КМШ диалог үчүн жападан жалгыз аянт деген пикиринен жанбай турганы айтылды. 

Эскерте кетсек, 7-8-июнь күндөрү КМШ өкмөт башчыларынын, ал эми 15-сентябрда ТИМ башчыларынын жыйыны өтөт. 16-сентябрь күнү КМШ өлкөлөрүнүн мааракелик саммити болот.

Тышкы иштер министрлиги учурда Кыргызстан уюмдук мааракелик жыйынын өткөрүүгө даярдыктар башталганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0