Бишкекте тигүүчүлүк кесипке талап күч

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте тигүүчүлүк кесипке талап күч
Бишкекте тигүүчүлүк кесипке талап күч - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калаа боюнча тигүүчү цехтерге 876 кызматкер талап кылынса, такси кызматын көрсөткөн компанияларга 238 айдоочу керектелет.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы тарабынан 2016-жылдын 1-апрелине карата талап кылынган кесиптердин рейтинги чыгарылды. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматы билдирет. 

Гезитте жумуш карап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыз кылбаган ректорлор иштен кетеби?
Рейтингде Бишкек шаарында тигүүчүлүк кесипке талап чоң экени аныкталды. 

Анда тигүүчү цехтерге 876 кызматкер керектелсе, такси кызматын көрсөткөн компанияларга 238 айдоочу, мындан сырткары шаар боюнча 216 ашпозчу, 137 сатуучу, 103 наабайчы талап кылынары көрсөтүлгөн. 

Ал эми адистик боюнча 139 мугалим, 126 кассир, 108 доктур, 83 кыймылсыз мүлк саткан кызматкерлер, жана 72 медайым керектелет. 

2013-2017-жылдар аралыгында жалпы жонунан 280,1 миңден ашуун адис керектелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0