Кылмышка барган өспүрүмдөр менен эрезеге жеткендердин көбү уурулук кылган

© Sputnik / Сергей Ермохин / Медиабанкка өтүүӨспүрүмдөр. Архив
Өспүрүмдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уурулуктан кийин эле киши карактоо менен бейбашчылык кылуу учурлары көп кездешкен.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Акыркы беш жыл ичинде Кыргызстан аймагында жашы жете элек жана эрезеге жеткендердин арасында кылмыш иштеринде уурулук фактылар арбын болгон. Бул туурасында Улуттук статистикалык комитетинин маалыматында айтылат. 

Темир тор артындагылар жыл башынан бери 11 млн. сомдук продукция өндүрүштү
Аймактар боюнча алганда 2010-жылы эң көп кылмыш Ош (555 жолу) жана Бишкек шаарларында (438 учур) катталган. Кийинки орунда Ысык-Көл (438), андан соң Талас (331) облусу турат. Чүйдө 284 учур катталса, Нарында андан 20га аз болгон. Статистикага таянсак, Жалал-Абадда – 124, ал эми Баткенде 76 кылмыш катталган. Мыйзамдан четке чыкпай жүргөнбү, айтор, эң азы Ош облусунда кездешип, 54 деген көрсөткүчтү беришкен. 

Ал эми беш жылдан кийин дубандар боюнча статистикалык комитет өзүнүн көрсөткүчүндө эки облустан башкасында кылмыштуулуктун азайганын билдирген. Эки аймакта – Баткен менен Ысык-Көлдө кылмыш жасоонун саны өскөн.

2014-жылга карата маалыматтарда жашы жете элек жана эрезеге жеткендердин көбү уурулук менен милициянын кылтагына түшкөн. Алардын арасынан 53 пайызы уурулук кылып, 12 пайызы киши карактап, ал эми 11 пайызы бейбашчылык кылып кармалган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0