Кыргызстан халал-туризм рейтингинде алдыңкы орунда

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы мечит. Архив
Бишкек шаарындагы мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда тамак-аштын сапаты, коопсуздук, намаз окуу мүмкүнчүлүгү жана виза алуудагы жеңилдиктер жогору бааланган.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстан мусулман саякатчылар үчүн эң ыңгайлуу мамлекеттердин рейтингинде алдыңкы 25 өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу Сингапурдун CrescentRating рейтинг агенттигинин отчетунда айтылат. https://www.crescentrating.com/ 

Адал-туризм боюнча адистешкен изилдөө агенттиги мусулмандардын саякаттоосу үчүн 130 өлкөнүн ыңгайлуулугун баалаган.

Компьютерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Санарип дипломатиясы боюнча рейтингде КР Угандадан артта калып, Кытайдан озуп кетти
Рейтинг чыгарууда — виза алуу, намаз окуу мүмкүнчүлүгү, коопсуздук, адал азыктардын жеткиликтүүлүгү, анын сапаты жана мейманканалардын жайлуулугу эске алынган.

Тизменин көч башында Малайзия, Бириккен Араб эмирлиги жана Түркия турат. Ошондой эле ондукка Индонезия, Катар, Сауд Аравиясы, Оман, Сингапур, Марокко жана Иордания кирди.

Баалоо 100 упай менен өлчөнүп, Кыргызстан 55,7 упай топтогон. Башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда тамак-аштын сапаты, коопсуздук, намаз окуу мүмкүнчүлүгү жана виза алуудагы жеңилдиктер жогору бааланган.

Ал эми акыркы орундарды Доминикана, Уругвай, Колумбия, Гватемала, Никарагуа, Боливия, Коста-Рика жана Сальвадор өлкөлөрү алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0