Министрлик: пансионаттар маселеси Өзбекстандын таасиринен улам чечилбей келген

© Фото / пресс-служба Минэкономики КР Экономика министри Арзыбек Кожошев. Архив
Экономика министри Арзыбек Кожошев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика министри кабыл алынган келишим болгондуктан, эч кандай эл аралык соттук териштирүүлөр болбой турганын белгилейт.

БИШКЕК, 5-апр — Sputnik. Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Кыргызстандын ээлигине өткөрүү маселеси Өзбекстандын колунда рычагдар бар болгонунан улам чечилбей келген. Бул тууралуу маалымат жыйында экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди. 

Анын айтымында, акыры бул маселенин аягына чекит коюлду. 1992-жылдагы келишимге ылайык, өлкөнүн аймагындагы бардык объектилер ошол мамлекеттин менчиги деп эсептелет. Пансионаттар Кыргызстандын аймагында болгону менен, иш жүзүндө Өзбекстандын жарандары үчүн иштеген. Бирок эми гана өлкө жетекчилиги саясий эрктүүлүгүн көрсөттү, дейт Кожошев.

"Эмне үчүн буга чейин маселе чечилген эмес? Алардын колунда көп рычагдар, мисалы газ болгон. Ошондой эле биз Борбор Азия бириккен энергетикалык алкакта болчубуз. Эми "Датка — Кемин" электр линиясы курулгандан бери энергетикалык жактан көз карандысыздыкка жетиштик. "Түндүк — Түштүк" альтернативалык жолу курулуп жатат, "Газпром" көгүлтүр отунга байланыштуу маселебизди да чечти", — деди министр. 

Атка минер ушунда улам пансионаттарды өткөрүп алуу чечими кабыл алынып, өкмөттүн токтомуна кол коюлду. Ошондой эле министр пансионаттарды Кыргызстандын ээлигине которуу жакында эле Аксы — Ала-Бука жолундагы чек ара окуясы менен көп деле байланышпай турганын белгиледи. 

Мындан тышкары, экономика министри келишимден улам эч кандай эл аралык соттук териштирүүлөр болбой турганын кошумчалады. Ал "пансионаттарга каражат жумшап инвестиция салган өзбек ишкерлерине компенсация төлөнөбү?" деген суроого кийинчерээк жооп берүүнү убада кылды. 

"Салык, социалдык фонд жана электр энергиясы боюнча карыздары бар экен. Ошондой эле алар пансионаттарды өнүктүрүү боюнча өздөрүнүн инвестициялык келишимдерин аткарбай, 20 жыл бою киреше алып турушкан", — дейт Кожошев.

Дүйшөмбү күнү өкмөт башчы Темир Сариев Ысык-Көлдүн жээгиндеги буга чейин Өзбекстан пайдаланып келген объектилерди Кыргызстандын мамлекеттик менчигине өткөрүү жөнүндө өкмөттүн токтомуна кол койду.

© SputnikКара-Ой айылындагы "Рохат-НБУ" (19,05 гектар) пансионаты
1/3
Кара-Ой айылындагы "Рохат-НБУ" (19,05 гектар) пансионаты
© SputnikЫсык-Көл облусунун Бостери айылында жайгашкан "Золотые пески" (аянты 28,35 гактар) пансионаты
Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жайгашкан Золотые пески (аянты 28,35 гактар) пансионаты - Sputnik Кыргызстан
2/3
Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жайгашкан "Золотые пески" (аянты 28,35 гактар) пансионаты
© SputnikКара-Ой айылындагы "Дилором" (аянты 21,77 гектар) пансионаты
Пансионат Дилором в селе Кара-Ой Иссык-Кульского района - Sputnik Кыргызстан
3/3
Кара-Ой айылындагы "Дилором" (аянты 21,77 гектар) пансионаты
1/3
Кара-Ой айылындагы "Рохат-НБУ" (19,05 гектар) пансионаты
2/3
Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жайгашкан "Золотые пески" (аянты 28,35 гактар) пансионаты
3/3
Кара-Ой айылындагы "Дилором" (аянты 21,77 гектар) пансионаты

Чечим өкмөттүн кезексиз жабык жыйынында кабыл алынды. Кыргызстандын менчигине Өзбекстан пайдаланып келген Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү "Алтын кум", "Рохат", "Дилором" жана тескейинде жайгашкан "Бустон" пансионаттары өтөт.

Ысык-көл жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Серепчилер: пансионаттарды кайтаруу — эрктүү чечим
Буга чейин чек ара маселелери боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров Кыргызстан өлкөнүн аймагында жайгашкан бардык объектилерди өзүнүн карамагына өткөрүп алуу боюнча иштерди жүргүзүп жатканын билдирген.

Анын айтымында, Өзбекстан өзүнүн аймагындагы объектилерди СССР кулагандан кийин эле мамлекеттин менчигине өткөргөн.

Кыргызстандын менчигине өткөн Өзбекстандын пансионаттарын Sputnik Кыргызстан агенттигинен инфографикасынан караңыз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0