Акаевдин бийликтен баш тартышы: өлкөнү дүрбөткөн 12 күн

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO24 марттагы окуяларда болгондо Аскар Акаевдин китеби отто. Архив
24 марттагы окуяларда болгондо Аскар Акаевдин китеби отто. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2005-жылдын 24-мартындагы элдик толкундоолордон кийин президент Аскар Акаевдин режими кулады. Бирок мыйзамдуу бийликти орнотуш үчүн Кыргызстан президент бийликтен ыктыярдуу түрдө баш тартканга чейинки тарыхый кыйын кезеңди башынан өткөрдү.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Мындан 11 жыл мурун 5-апрелде Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев президенттиктен баш тарткан. 2005-жылы 24-мартта башталган окуя ошентип аяктаган. 

"Акаев баарын 2005-жылдын 21-мартында эле, тактап айтканда түштүк аймак оппозициянын карамагына өткөндөн кийин эле жоготкон болчу", — деп эскеришет бул тууралуу Кыргызстандын ошол жылдардагы жагдайын сүрөттөгөн серепчилер. 

© AFP / TALANT SHABIEV2005-жылы 24-марттагы окуялар
События 24 марта 2005 года - Sputnik Кыргызстан
2005-жылы 24-марттагы окуялар

20-мартта өлкөнүн түштүгүндө окуялар тездик менен өнүгүп жатты. Муну анын чордонунда жүргөндөр жана колунда интернет ресурстары барлар жакшы түшүнүп турушту. Республиканын калган аймагынын эли Кыргызстандын түштүгүндө эмне болуп жатканынан кабары жок эле. 23-мартта кечинде КТР өлкө кандай кырдаалда экендиги тууралуу алгачкы объективдүү материалын даярдады. 2005-жылдын 24-мартында бүт дүйнө Кыргызстан тууралуу жана бул жерде эмне болуп жатканы жөнүндө билди. Бул күндүн окуялары тарыхка из калтырды. Аны "жоогазын ыңкылабы" же "мамлекеттик төңкөрүш" деп атап жүрүшөт. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги 24-марттан тартып Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаев өз ыйгарым укуктарын расмий жыйыштырган 5-апрелге чейинки окуялардын хроникасын топтоду. 

2005-жылы 24-мартта Кыргызстандын президенти Аскар Акаев жана анын үй-бүлөсү өлкөдөн чыгып кетти. 

24-мартта кечинде Ишенбай Кадырбеков бир сутка КРдин президентинин милдетин аткаруучу болду. 

© пресс-служба Жогорку КенешаБир сутка КРдин президентинин милдетин аткарган Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков, который одни сутки был и.о. президента КР - Sputnik Кыргызстан
Бир сутка КРдин президентинин милдетин аткарган Ишенбай Кадырбеков

25-мартта үчүнчү чакырылыштагы парламент Курманбек Бакиевди өлкөнүн президентинин милдетин аткаруучу жана премьер-министр кылып дайындады.Тышкы иштер министри болуп Роза Отунбаева, башкы прокурордун милдетин аткаруучу — Азимбек Бекназаров, республиканын бардык күч түзүмдөрүнүн координатору болуп — Феликс Кулов бекитилсе, БШКны Туйгунаалы Абдраимов жетектеп калды. 

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOӨлкөнүн президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев жана тышкы иштер министри Роза Отунбаева
Роза Отунбаева — женщина-президент с железным характером - Sputnik Кыргызстан
Өлкөнүн президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев жана тышкы иштер министри Роза Отунбаева

25-мартта Акаев электрондук почта аркылуу элге эки кайрылуу жасайт. "Мен кандуу окуялар болуп кетпесин деп өлкөнүн убактылуу таштап кеттим", — деп айтат Акаев өзүнүн катында. 

26-мартта парламент мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоону 26-июнга белгилейт. 

Өлкөдө юридикалык жактан алганда эки — мурдагы жана жаңы парламент иштеп калат. 

28-мартта БШК жаңы парламентти мыйзамдуу деп таанып, ушундан кийин Жогорку Кеңеш Бакиевди убактылуу президент, Өмүрбек Текебаевди спикер кылып шайлайт. 

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура: Аскар Акаев Кыргызстанга келсе суракка сөзсүз чакырабыз
Ушул күндөрү ЖМКлар "президент кай жакта болду экен?" деп төлгө тарткандай эле болушту. Акаевдин кайсыл жерде жүргөнү баарына сыр бойдон калып жатты. "Акаев Алматыга жакын жерге конуптур" (РИА "Новости"), "АКШдагы кыргыз элчиси Бактыбек Адрисаев президент Акаев "коопсуз жерде" экенин айтты" (AP), "Кыргыз президенти Казакстандын түндүгүндөгү Боровое эс алуу жайында экен" ("Интерфакс") деген маалыматтар жарыяланып жатты. Казакстандын Акмоло облусунун Щучинский районунун администрациясы Аскар Акаев Боровое курорттук аймагында жүргөнү тууралуу маалыматты четке какты (РИА "Новости"). Ал эми РБК булагы "Акаев АКШнын аскер базасында жүрөт" деп кабарлады.

Түрк ЖМКлары бул күндөрү Акаев "Түркияга учуп барууга уруксат алса болмок" деп билдиришти. Алар 2000-жылы эле Түркиянын жетекчилиги президент Акаевге, Казакстандын президенти Назарбаевге, Түркмөнстандын мамлекет башчысы Ниязовго жана Өзбекстандын президенти Каримовго Антальядан жер участокторун белекке бергенин эскертишти. 

29-мартта "Эхо Москвы" булагына президент Аскар Акаевдин маеги чыкты. "Мен азыр Россияда, Подмосковьеде жүрөм. Мен дал ушул Россияга келүүгө чакырган президент Владимир Путинге абдан ыраазымын" деди Акаев өзүнүн маегинде. Кыргызстандыктар Акаевдин үнүн жана болгон окуяга карата анын пикирин угушту. "Мен ал жакка коопсуздук, тынчтык орногондон кийин сөзсүз түрдө кайтып барам" деп Акаев сөзүн жыйынтыктады. Бир аз кийинчерээк Россиянын "Биринчи каналы" менен болгон маегинде качкын президентке "отставкага кетүүгө даярсызбы?" деген суроо берилди. Аскар Акаев: "Албетте. Эгер мага тиешелүү кепилдик берилсе ошондой кылам, бул азыркы иштеп жаткан мыйзам боюнча болот" деп билдирди. 

Жогорку Кеңештин депутаттары бул үчүн атайын Москвага барышты. Сүйлөшүү эки күнгө созулду. 

3-апрелде президент Аскар Акаев мурдагы президенттерге кепилдик берүү жөнүндө парламент өзүнүн убадасын аткара турган болсо кызматтан кетүүгө макул болорун айтты. Депутаттар экс-президенттин конституциялык укуктарын убада кылышты. 

2005-жылдын 4-апрелинде Россиядагы Кыргызстандын элчилигинде өлкөнүн биринчи президенти Аскар Акаев 2005-жылдын 5-апрелинен тартып отставкага кетип жактанын билдирген расмий арыз жазды. 

Элчиликке Акаев россиялык номер тагылган кара түстүү Mercedez унаасы менен келди

Элчиликте үч саатка созулган жабык эшик артындагы сүйлөшүү болду. 

Элчиликтеги жолугушуу эки баскыч менен өттү. Адегенде Аскар Акаев менен парламенттин спикери Өмүрбек Текебаев көзмө-көз сүйлөштү. 

"Бишкекте жалгыз мыйзамдуу бийлик бар — бул парламент. Ал эми аны жетектеп турган — Текебаев. Мен аны менен өлкөнүн жалгыз мыйзамдуу башчысы катары сүйлөшөм", — деп айтты бул сүйлөшүүдө Акаев. 

А.Акаев на 1У съезде народных депутатов ССР - Sputnik Кыргызстан
Чейрек кылым илгери пайда болгон президенттик жана четке кеткен Акаев
Акаевдин арызга кол коюу иш-чарасына депутаттар Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, элчи Кемелбек Нанаев, премьер-министр Николай Танаев, мурунку өкмөт башчы Кубанычбек Жумалиев катышты. 

Арызга нотариустун катышуусу менен Москва убактысы боюнча саат 10до кол коюлду. 

Арыз бийликтен баш тартуу жөнүндө тиешелүү протоколдо каралган төрт пункттан турган. Документке ылайык, Жогорку Кенеш өлкө Конституциясынын жобосун жана президенттин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө мыйзамды милдеттүү түрдө аткаруу тууралуу токтомду кабыл алып, Акаевди отставкага кетирип жана өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун күнүн жарыяламак. Тараптар ошондой эле түзүлгөн протоколдогу "эл аралык кепилдиктерди милдеттүү түрдө сактай турганын" билдиришет. Аталган протоколго Россия жана Казакстан кепил болот. 

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOАскар Акаевдин Кыргызстандын элине видео кайрылуусу
Кыргызские журналисты слушают видеозапись с обращением свергнутого президента Кыргызстана Аскара Акаева к народу Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Аскар Акаевдин Кыргызстандын элине видео кайрылуусу

2005-жылы 5-апрелде Аскар Акаев Кыргызстандын президентинин ыйгарым укугун расмий токтотот. 

Арызга кол койгондон тышкары, Акаев Кыргызстандын элине видео кайрылуу жөнөтөт. 18 мүнөттүк орус тилиндеги кайрылууну КТРдин тобу тартып алган. 

5-апрелде видео жазуу парламентте көрсөтүлүп, анын кызматтан кеткени расмий түрдө таанылды. 

Республиканын биринчи президенти Аскар Акаев өлкөнү 15 жылга жакын башкарды. Азыр ал Москвада жашап, илим менен алектенип жаткан кези. 2005-жылдын 24-мартынан бери туңгуч президент Кыргызстанга келе элек. 

Жаңылыктар түрмөгү
0