Статком: акыркы беш жыл ичинде баңгилер азая баштады

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүБаңгизат лабораториясы. Архив
Баңгизат лабораториясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баңги заттарына көз каранды болгондордун басымдуу бөлүгү эркектер.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Акыркы беш жылда өлкөдө баңгилик, токсимания менен ооругандарды дарылоочу-профилактикалык мекемелерде каттоодо тургандардын саны 46,5 пайызга азайган. Бул туурасында Улуттук статистикалык комитетинин изилдөөсүндө айтылат.

"Алардын саны 2010-жылы 217 адам болсо, 2014-жылы 116 кишиге азайган", — деп айтылат маалыматта. 

Баңги заттарына көз каранды болгондордун көбүрөөгү эркектер. 

Статкомдун маалыматында, баңгилердин басымдуу бөлүгү курагы боюнча 25-29 жаштын ортосундагылар. 

Алардын саны 2012-жылдарга чейин өсүп, андан кийин азаюу тенденциясы башталган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0