БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. "Өлбөс полктун" жүрүшү Бишкекте 5-майда өтө турганын шаардык кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чаранын мөөнөтүн Жеңиштин 71 жылдыгын өткөрүүнү даярдай турган Бишкек шаардык кеңештин жумушчу тобу өзүнүн алгачкы жыйынында, 1-апрель күнү аныктады.
"Жыйында уюштуруу маселелери, жүрүштүн багыты жана катышуучулардын саны талкууланды. Быйыл өткөн жылкыга караганда алардын саны эки эсе көп болору күтүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.
"Өлбөс полк" — 9-майга карата жыл сайын өткөрүлүүчү ири эл аралык акция. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучулардын элесине арналып, жүрүштө согушта курман болгондордун жакындары алардын сүрөттөрүн кармап өтөт.
Аталган акция биринчи жолу 2012-жылы Россиянын Томск шаарында өткөн.