Сариев: өкмөт негизсиз текшерүүлөрүнө чек коё турган системанын моделин иштеп чыгат

Жазылуу
Өкмөт башчы Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатат. Учурда инвестиция тартуу, ишкердикти, өнөр жайды өнүктүрүү жана товарды тышкы рынокко чыгаруу боюнча маселе каралып жатат.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Өкмөт укук коргоо жана салык органдарынын негизсиз текшерүүлөрүнө чек коё турган системанын моделин иштеп чыга турганын премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, парламент учурда инвестиция тартуу, ишкердикти, өнөр жайды өнүктүрүү жана товарды тышкы рынокко чыгаруу боюнча маселе каралып жатат.

Сариев бул жаатта өкмөт тарабынан жасалып жаткан аракеттерге кеңири токтоп, 2015-2020-жылга карата Кыргызстандык фискалдык саясат концепциясын кабыл алганын белгиледи.

"2015-жылдын башынан баштап экспорт үчүн сатуудан алынуучу салык төлөмү жоюлду. Муну менен катар кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча босого чеги төрт миллиондон сегиз миллионго чейин жогорулап, лизинг компаниялары КНС, сатуу жана киреше салыктарынан бошотулду. Банк жабдуусунун импортунан кошумча нарк салыгы алынды. 2018-жылдын 1-сентябрында чейин азык-түлүк жана кайра иштетүү өнөр жайы үчүн салык жеңилдиктери сакталат. Мындан тышкары ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолгон товарлар үчүн КНС 50 күнгө чейин жылды", — деди Сариев. 

Бажы кызматкери чек арадагы  чоң автоунааларды текшерип атат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Белоруссия Кыргызстанга товар киргизүү көлөмүн 407 эсе көбөйттү
Премьер-министр административдик тоскоолдуктар азайганын белгилеп, уруксат берүүчү документтердин саны 101ге чейин кыскарганын, дагы 12 түрү жоюла турганын кошумчалады. 

Мындан тышкары, лицензияны акысы берип, жаңы түзүлгөн ишканаларды үч жылга чейин текшерүүдөн бошотуу каралууда. 

Өкмөт башчынын айтымында, 2015-жылдын жыйынтыгы менен текшерүүлөрдүн саны 2549га азайып, 24 миң 477ни түзгөн. 

"Ишкерликти жана жергиликтүү бийлик орган субъектилерин негизсиз текшерүүлөргө чек коюу максатында өкмөт укуктук коргоо системасынын моделин иштеп чыга турган жумушчу топ түздү", — деди өкмөт башчы.

Сариев мындан аркы текшерүүлөр прокуратурадан каттоодон өткөндөн гана жүргүзүлөрүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0