Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: саат 13.30га карата келген шайлоочулардын саны 30% түздү

© Жазгуль ЖенишбековаДобуш берип жаткан шайлоочулар
Добуш берип жаткан шайлоочулар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоочулардын эң төмөнкү активдүүлүгү Ысык-Көл облусуна караштуу Оргочор айылында, эң жогорку көрсөткүч Нарындагы Конорчок айылында байкалып жатат.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Жергиликтүү кеңешке өтүп жаткан шайлоого катышкан жарандардын саны саат 13:30га карата 30 пайызды түздү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиянын маалымат кызматы билдирди. 

Бүгүн 27-мартта, жергиликтүү кеңештерге шайлоо алты шаарда: Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок, Кемин, Майлуу-Суу жана 20дан ашуун айыл өкмөттөрүндө өтүп жатат. Анда биометрикалык маалымат тапшырган 271 миң жаран добуш бере алат. 

БШКнын саат 13:30га карата берген маалыматына ылайык, 77 миң шайлоочу добуш берди. Бул 28,28 пайызды түзөт. 

ИИМ: шайлоо учурунда мыйзам бузуу каттала элек
Токмоктогу 28,5 миң шайлоочунун 9230 миңи (31,39 пайыз), Кеминде 5,4 миң шайлоочулардын 1732си добуш берген, Ошто 117,7 миң шайлоочунун — 35,2 миңи, Майлуу-Сууда 9850 шайлоочунун 2742и, Балыкчыда 23 миң 966 шайлоочунун 5395и шайлоого катышкан. 

Шайлоочулардын эң төмөнкү активдүүлүгү Караколдо байкалды. Анда 29,6 миң шайлоочунун 6283ү гана добуштарын беришти. 

Ал эми айыл аймактардагы эң төмөнкү активдүүлүк Ысык-Көл облусуна караштуу Оргочор айылында байкалды. Анда, калктын 20 пайызы гана катышкан. 

Жогорку көрсөткүч Нарын облусундагы Конорчок айылында байкалууда, анда шайлоочулардын 40 пайыздан ашыгы өз добушун берүүгө жетишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0