Шайлоо-2016: Токмоктуктар активдүүлүгүн көрсөтсө, Балыкчыда шайлоого келгендер аз

© Sputnik / Исмаил МамытовШайлоо участогунда кезекте тургана жарандар
Шайлоо участогунда кезекте тургана жарандар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
271 шайлоочунун 29 миңи өз добуштарын беришти.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Жергиликтүү кеңештерге өтүп жаткан шайлоодо Токмок шаарынын тургундары активдүүлүгүн көрсөтүп жатат. Ал эми Балыкчыда шайлоочулар аз келүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Ош шаарынын мэри Кадырбаев шаардык кеңешке өтүп жаткан шайлоодо өз добушун берди
Бүгүн Кыргызстанда алты шаарда (Ош, Каракол, Балыкчи, Токмок, Кемин, Майлуу-Суу) жана 22 айыл аймагында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө.

Токмокто 28,5 миң шайлоочунун 3,5 миңи (12,13 пайызы) өз добушун берди. Ошто 117,7 миң шайлоочунун 14 миңи (12,01 пайыз) жарандык милдетин аткарышты. Кеминде шайлоочулардын 11,3 пайызы (5,4 миң кишинин 612си) добуш берди. Майлуу-Сууда 9850 шайлоочунун 900ү (9,12 пайыз) добуш берди. Караколдо шайлоочулардын 7,68 пайызы —29,6 миң шайлоочунун 2274ү добуш берди. Эң төмөнкү көрсөткүч Балыкчы шаарында байкалууда. Бул жакта 23 миң 966 кишинин 1767си (7,37 пайыз) гана өз добуштарын берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0