Чүй облусу жумуртка өндүрүү боюнча алдыда

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖумурткалар. Архив
Жумурткалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын аймагында үстүбүздөгү жылдын үч айында 53 миллион жумуртка өндүрүлдү.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын үч айына карата эсептөөлөргө ылайык жумуртка өндүрүү боюнча Чүй облусу алдыга чыкты. Мындай тыянакты Улуттук статистикалык комитет чыгарды.

"Өлкө ичинде жумуртка өндүрүү өткөн жылдын үч айына салыштырмалуу 8,4 пайызга жогорулаган", — деп айтылат маалыматта. 

Салыштырмалуу, 2015-жылдын март айына чейин өлкө боюнча жалпы 49 миллион жумуртка өндүрүлсө, 2016-жылы 53 миллионду түзгөн.

Жумуртка өндүрүү боюнча 2016-жылдын үч айына карата облустар аралык статистика:

 

  • Чүй — 38 миллион 792 миң даана
  • Баткен — 990 миң даана
  • Нарын — 378 миң даана
  • Жалал-Абад — 3742 даана
  • Ош — 3713 даана
  • Ысык-Көл — 3042 даана
  • Талас — 1675 даана.
Жаңылыктар түрмөгү
0