Байланыш кызматы: 2012-жылдан бери интернеттеги 20 баракча жабылды

Жазылуу
Интернеттеги баракчалардан сырткары, экстремисттик маанайдагы видеолорго дагы чектөөлөр киргизилген.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында 2012-жылдан тарта экстремисттик маанайдагы интернеттеги 20 баракчага чектөө коюлган. Бул тууралуу Мамлекеттик байланыш кызматынын маалымат кызматы билдирди. 

"2012-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Мамлекеттик байланыш кызматы байланыш операторлоруна Кыргызстандын аймагында 20га жакын интернет баракчаларына тыюу салуу боюнча билдирме жиберген", — деп билдирет маалымат кызматы. 

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муфтият имамдарды экстремизм менен күрөшүүнү үйрөтүүдө
Мындан сырткары, байланыш операторлоруна "Мен гей жана мусулманмын" деген аталыштагы видеоролик тууралуу маалымат берилип, ал баракчага кирүүгө тыюу салынган. 

Белгилей кетсек, Мамлекеттик байланыш агенттиги чара көргөн баракчалардан сырткары, башка дагы баракчаларга тыюу салынган. Себеби, күч кызматкерлери мамлекеттик байланыш агенттигине кайрылбастан түз эле байланыш операторлоруна билдирме жасай алышат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0