Кыргызстан бактылуу өлкө рейтингинде 85-орунду ээледи

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-тоо аянтындагы концерттин көрүүчүлөрү. Архив
Ала-тоо аянтындагы концерттин көрүүчүлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин ичинен эң бактылуу болуп Өзбекстан эсептелинет экен. Кыргызстан бул тизмеде 85-катарда турат

БИШКЕК, 16-мар — Sputnik. Кыргызстан бактылуу өлкөлөрдүн рейтингинде 85-оруну ээледи. 

Аталган рейтингди Бириккен улуттар уюму АКШнын Колумбия университетинин социологдору менен биргеликте түзүп чыккан. Мында бир адамга туура келген ИДП көлөмү, социалдык колдоо абалы, жашоо узактыгы жана коррупция деңгээли эсепке алынган. 10 баллдык чен-өлчөм менен Кыргызстан 5,185 упайга ээ болгон.

Нарындын жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Статком облус тургундарынын канчага чейин жашаарын аныктап чыкты
Рейтингге ылайык, Борбор Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин ичинен эң бактылуу өлкө катары 49-орунду ээлеп Өзбекстан эсептелинет. Кийинки сапты 54-орундагы Казакстан ээлесе, 65-орундагы Түркмөнстан үчүнчү болуп катталган. 

Дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орунду Скандинавия мамлекеттери ээледи. Индекске ылайык, эң бактылуу өлкө болуп былтыр үчүнчү орунду ээлеген Дания аталды. "Үч жолку чемпион" Швейцария 7,509 упай менен экинчи сапка түшсө, 7,501 упай менен Исландия үчүнчү орунду ээлеген.

Бактысыз өлкө болуп Того, Сирия жана Бурунди мамлекеттери эсептелди.

Жаңылыктар түрмөгү
0