Кыргызстанда дарыялардагы суунун көлөмү нормадан төмөн болуусу күтүлүүдө

Жазылуу
Суу көлөмүнүн эң төмөнкү деңгээли Нарын бассейнинде болот.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет 2016-жылдагы сугат иштерине карата дарыялардагы суунун болжолдуу көлөмүн жар салды. Бул туурасында Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Ага ылайык, Ысык-Көл бассейнинде суунун көлөмү орточо нормадан 73төн 103 пайызга, Чүйдө 73төн 129 пайызга, Таласта 76дан 106 пайызга, Нарында 85тен 94 пайызга, Сырдарыяда 71ден 109 пайызга чейин болуусу күтүлүүдө.

"Ысык-Көл, Чүй жана Талас бассейндеринде суунун көлөмү нормага жакын, ал эми Нарын, Сырдарыя бассейиндеринде чектен төмөн болуусу күтүлүүдө", — деп билдирет министрлик.

Токтогул суу сактагычына агып келген суунун көлөмү 2016-жылдын апрель-сентябрь айларына орточо норманын 86 пайызын, ал эми Киров суу сактагычында 74 пайыз, Орто-Токойдо 90 пайызды түзөрү күтүлүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0