Кыргызстандын жолунун ар бир 100 чакырымына ажатканалар орнотулат

Жазылуу
Бул акцияга жергиликтүү бийликтин бардык органдары катышууда.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция "Ар бир 100 чакырымда — "Э.А." аттуу жалпы республикалык акциянын башталганын билдирди.

Жол кайгуул кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ Жол кайгуул кызматы эми кандай аталарын айтып берди
Иш-чара негизги стратегиялык жолдордун боюндагы инфраструктураны жакшыртууга, жол четине коомдук ажатканаларды орнотууга багытталат.

Акцияга өкмөттүн бардык облустагы өкүлчүлүктөрү, райондук акимиаттар, мамлекеттик жана башка органдар, юридикалык жактар катышмай болууда.

Ажатканалар Бишкек — Балыкчы — Торугарт; Ысык-Көлдү айланта курулган трасса; Бишкек — Ош — Иркештам; Ош — Баткен — Исфана жолдорунда орнотулмакчы.

Акция жыл бою уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0