Прокуратура кызматкерлеринин пенсиясы көтөрүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековПрокуратуранын имараты. Архив
Прокуратуранын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Прокуратурада иштегендердин пенсиясы аскер кызматкерлериники менен теңелди.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев прокуратура кызматкерлеринин пенсиясын көбөйтүү боюнча мыйзам долбооруна кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент КРнын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" жана "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Ал Жогорку Кеңеш тарабынан 4-февралда кабыл алынган.

"Мыйзам боюнча эми прокуратура кызматкерлеринин пенсиясы да укук коргоо органдары менен аскер кызматкерлерине чектелген көлөмдө болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Мыйзамга ылайык, пенсияга чыккан прокурорлор менен прокуратуранын тергөөчүлөрү айлык акынын 80 пайызынын чегинде пенсия алышат. Буга чейин 30 жылдык стажысы бар прокуратура кызматкерлери 4,7-6 миң сом пенсия алып келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0