Кыргызстан экологиялык эффективдүүлүк индекси рейтингинде 54 пунктка көтөрүлдү

Жазылуу
Экологиялык саясат жана укук борбору Кыргызстанды экология жана жаратылыш ресурстары башкаруу жаатындагы ийгиликтерин баалады.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бир жыл ичинде Кыргызстан Экологиялык эффективдүүлүк индексинде (Environmental Performance Index) 125-орундан 71-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу аталган борбордун сайтында маалымдалат.

Жыл сайын Йел (АКШ) университетинин алдындагы Экологиялык саясат жана укук борбору глобалдык изилдөө жүргүзүп, бардык өлкөлөрдүн айлана чөйрөгө болгон камкордугун жана жаратылыш ресурстарын үнөмдүү пайдалануу боюнча көрсөткүчүнүн рейтингин жарыялап келет. Анда улуттук институттардын жана эл аралык уюмдардын маалыматтарына көңүл бурулат.

Издөө иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жер планетасында сейрек кездешкен минерал Кыргызстанда табылган
2015-жылы Кыргызстан 54 кадам жогору көтөрүлө алган. Өлкө мындай жетишкендикке экологиялык тобокелчиликти азайтуу, абаны булгоону төмөндөтүү, саркынды сууларды тазалоону жолго коюу жана таза суунун сапатын жогорулатуу аркылуу жетише алган.

Маалыматка ылайык, 2016-жылы Кыргызстан мүмкүн болгон 100 упайдын 73,13 упайын топтой алган. Жалпысынан рейтингде 180 мамлекеттин көрсөткүчтөрү берилген.

Рейтингдин көч башында 90,68 упай менен Финляндия турат. Андан кийинки орунда Исландия, Швеция, Дания жана Словения ээлеген. Ал эми акыркы орунду Афганистан, Нигер, Мадагаскар, Эритрея жана Сомали (27,66 упай менен) ээлеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0