ӨКМ бүгүн күн ачык болорун айтып, бирок, жолго чыккандарды сак болууга чакырды

Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 8-9-мартта күндүн ысышына байланыштуу узак жолго чыккандарды сак болууга чакырды.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыз-келиндердин майрамында өлкө боюнча күндүн көзү бузулбай, жаан-чачын күтүлбөйт деп билдирди Кыргызгидромет. 

Бишкек шаарында түнкүсүн 7…9° жылуу, күндүзгү температурасы 22…24° ка чейин жылышы күтүлөт. 

Синоптиктер күн Ош шаарында борбор калаадан ысыгыраак боло тургандыгын билдиришти. Түнкүсүн 8…10°, күндүзү 23…25° жылуу болот.

Жылуулук батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык аба ырайынан улам Бишкекте жылуулук берүү токтобойт
Ош, Жалал-Абад жана Баткен, Чүй, Талас облустарында жылуулук 25° ка чыкса, калган эки региондо термометр көрсөткүчү төмөндөйт. 

Ысык-Көл жана Нарын аймактарында аба күндүзү 15°ка чейин көтөрүлөт, ал ал эми түнкүсүн —2…3 жана —2…-7° суук болот.

ӨКМ 8-9-мартта күндүн ысышына байланыштуу узак жолго чыккандарды сак болууга чакырды. 

Маалыматта Бишкек — Ош (121-137, 198-265 чакырымдары), Ала-Бука — Каныш-Кыя (62-100 чакырымдары) жана Красная-Горка — Ак-Таш (1-10 чакырымдары), Каракол — Эңилчек (45-90 чакырымдары) жана Казарман — Акталчат (67-94 чакырымдары) автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү, жолдор тайгак болуп, муз тоңоору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0