Салык кызматы: жеке жактар 1-апрелге чейин декларация тапшыруусу керек

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүСалык декларациясын толтуруп жаткан адам. Архив
Салык декларациясын толтуруп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча кампаниянын экинчи этабы болуп саналат. 1-мартка чейин юридикалык жактардан кабыл алынып бүттү.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча кампаниянын экинчи этабы башталганын Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-апрелине чейин жеке жактар 2015-жылы алынган кирешелери жөнүндө отчетту, ошондой эле экономикалык ишмердиктери, мүлк объектилери жана жер тилкелери тууралуу башка маалыматтарды салык органдарына берүүлөрү керек.

Салык кызматы бирдиктүү салык декларация кабыл алуу борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салык кызматы бирдиктүү салык декларация кабыл алуу үчүн түнгө чейин иштейт
Буга байланыштуу салык органдары 22-марттан тартып 31-мартка чейин күчөтүлгөн режимде иштешип, декларацияларды саат 09.00дөн 24.00гө чейин кабыл алышат. 

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-мартында юридикалык жактар үчүн декларациялык кампаниянын биринчи этабы аяктады. 

Кеңири маалыматты салык кызматынын Маалымат борборунун 194 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0