Кыргызстандын тоолорунда катылган сейрек кездешүүчү 7 баалуу таш

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүБаалуу таш. Архив
Баалуу таш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарында жадеит баалуу ташынын ачыла элек кени бар экенин билчү белеңиз? 19 жыл мурун 27 жадеит шурусунан жасалган баалуу жасалга аукциондо 9 миллион долларга сатылган.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Белгилүү Discovery илимий журналы Кыргызстандын аймагынан сейрек кездешүүчү невадаит ташынын табылганы тууралуу жарыялагандан соң, Sputnik Кыргызстан өлкөбүздүн аймагында дагы кандай баалуу кен катылганына кызыгып көрдү.

Назарыңыздарга тизмекти сунуштайбыз. Ал Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги берген маалымат боюнча түзүлдү.

1. Тантал — сейрек кездешүүчү металл. Хирургиялык аспаптарды, протездерди жана өзөктүк системаларды жасоодо колдонулат. Бир килограммынын баасы — 530 доллар. Таза тантал металлын 4,5 миң долларга сатса болот.

Кыргызтанда танталдын бир эмес, тогуз кенин табышкан. Алардын ичинен төртөөсү гана жарамдуу болуп эсептелинет. Алардын экөөсү Баткен облусунда, калгандары Ысык-Көл жана Таласта жайгашкан. 

© Sputnik / Юрий Сомов / Медиабанкка өтүүСапфирден жасалган зер буюм
Васильково-синий сапфир из Шри-Ланки - Sputnik Кыргызстан
Сапфирден жасалган зер буюм

2. Рубиндер жана сапфирлерди баарыбыз эле сыргалардан, шакектерден көргөнбүз. Маалыматтарга ылайык, алар алмазга караганда чанда кездешет. Баткен облусунда эки жерден табылган. Бирок, толук кандуу изилдөөгө алынган эмес.

3. Демантоид — сары-жашыл түстөгү баалуу металл. Көпкө чейин коллекционерлер арасында гана белгилүү болгон. Жыл сайын баасы өсүп келет. Жогорку сапаттагы демантоиддин караты эки миң доллар турат. Демантоддин кенин геологдор Ат-Башы жергесинен табышкан.

4. Хромдиопсид — жашыл түстөгү минерал. Сейрек кездешкендиги менен баалуу болуп саналат. Анын бир каратынын баасы 200 доллар турат. Баса, булар иштетүүгө татаал келип, оңой менен багынып бербейт.

Баткен облусунда хромдиопсиддин төрт кени табылган. Канча көлөмдө экени такталган эмес, бирок алар жогорку сапатта экени такталган. 

© flickr.com / Stefan BetgeВольфрам металлы
Вольфрам - Sputnik Кыргызстан
Вольфрам металлы

5. Вольфрам — аскер куралдарын жасоодо колдонулуп, сейрек кездешүүчү металл болуп саналат. Мунун килограммы 60 долларга барат. Вольфрам Кыргызстандын жети дубанында тең бар. Тилекке каршы, баары изилдөөгө алынган эмес.

6. Ниобий — күмүш түстүү таш. Бул металлды болотко кошсо бекем болуп чыга келет. Дүйнөдө төрт гана кени бар. Бул металлдын килограммы 10-12 миң сомго бааланат. 

© AP Photo / Mike FialaКуала Лумпурда аукциондо 1,2 миллион долларга сатылган жадеиттен жасалган билерик
Браслет из жадеита, который был продан за 1.2 миллион долларов на аукционе в Куала Лумпуре в 1996 году.  - Sputnik Кыргызстан
Куала Лумпурда аукциондо 1,2 миллион долларга сатылган жадеиттен жасалган билерик

7. Жадеит — планетанын сырдуу таштарынын бири. 1997-жылы 27 жадеит шурусунан жасалган баалуу жасалга аукциондо 9 миллион долларга сатылган. Бир караты 20 миң доллар турат. Ат-Башы жергесинин тоо боорунан табылган жадеиттин кени аймактын катаалдыгынан улам казылбай келет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0