Сариев Жол кайгуул кызматы менен Патрулдук кайгуул кызматын эртең бириктирет

Жазылуу
Премьер-министр эми милиция кызматкерлери жарандардан түшкɵн чакырууга үч мүнɵт аралыгында жетип баруусуна шарт түзүлɵрүн белгиледи.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Жол кайгуул кызматы менен патрулдук кайгуул кызматы бириге турганын премьер-министр Темир Сариев мэрия жамаатына жаңы шаар башчысы Албек Ибраимовду тааныштыруу учурунда билдирди.

Анын айтымында, тийиштүү буйрукка келерки бейшемби күнү кол коюлмакчы.

"Шаар тургундары кечки Бишкекте сейилдеп чыгуудан чочулабашы керек. Келерки бейшембиде мен Жол-кайгуул кызматы менен Патрулдук кайгуул кызматын бириктирүү тууралуу буйрукка кол коем. Бишкек шаары үчүн 100 автомашина бɵлүнүп, алар шаарды күнү-түнү кайтармакчы, бул кылмыш болгон жерге ыкчам жетип келип, тийиштүү жооп кайтарууга шарт түзɵт", — деди өкмөт башчы.

Премьер-министр эми милиция кызматкерлери жарандардан түшкɵн чакырууга үч мүнɵт аралыгында жетип баруусуна шарт түзүлɵрөн кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0