Газдын баасы 37 тыйынга арзандады

© Фото / Alexander ChechetkinГаз плита. Архив
Газ плита. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көгүлтүр отко болгон баа ар бир айдын башында доллардын курсуна карата бекитилет.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Мартта жаратылыш газынын бир метр кубу калк үчүн 16,56 сом, ал эми ишканалар үчүн 20,07 сомдун чегинде бекитилгенин "Газпром Кыргызстан" компаниясы билдирди.

Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аткезчилик Кыргызстанда дизелдин баасын 2 сомго арзандатууга мажбур кылды
Мыйзам боюнча көгүлтүр отко болгон баа ар бир айдын башында доллардын курсуна карата бекитилет.

Бул айда газдын баасы февралга караганда калк үчүн 37, ал эми өнөр жай ишканалары, коммерциялык структуралар жана бюджеттик уюмдар үчүн 43 тыйынга арзандады. Бул баа февралдын башында доллардын куну 75,88 сом болуп белгиленсе, мартта 73,88 сомду түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0