Эртең өлкө аймагында кар жаап, алай-дүлөй шамал болот

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүАялдамадагы адамдар. Архив
Аялдамадагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узакка созулган күндүн жылуулугу аба ырайынан кескин өзгөрүшү менен алмашат.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Эртең 2-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кол чатырчан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Марттын ортосунда аба ырайы өзгөрүп, 5 градуска чейин суук болушу мүмкүн
Маалыматка ылайык 2-3-март күндөрү түнкүсүн абанын температурасы төмөндөйт. Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын өрөөндөрүндө, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…5 градус суук, күндүз 7…12 градус жылуу болот. Ал эми Талас өрөөнүндө жана тоо этектеринде түнкүсүн 6 градуска чейин суук болот. 

Ал эми айрым райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

Мындай аба ырайы автожолдордун абалын начарлатат, автоунаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0