Аткезчилик Кыргызстанда дизелдин баасын 2 сомго арзандатууга мажбур кылды

© AFP / PHILIPPE HUGUENМай куйуучу жай. Архив
Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ассоциация дизелдин баасы Казакстандан көк майды мыйзамсыз ташыгандардан улам төмөндөп жатканын белгилейт.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кыргызстандын бардык аймагында дизель майына болгон баа эки сомго арзандаганын Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери аталган майдын баасы 6,5 сомго төмөндөп, жалпы жонунан 17,3 пайызды түздү. 

"Баанын төмөндөшү Казакстандан майдын мыйзамсыз ташылышына байланыштуу болууда. Мындай шартта жергиликтүү компаниялар майды өз баасынан төмөн сатууга аргасыз болуп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Майдын мыйзамсыз ташылышы боюнча ассоциация бир нече ирет өкмөткө кайрылганын белгилеп, мындай кадамдар тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлгө алынарына ишеним артат.

Жаңылыктар түрмөгү
0