Чыныгы эрдик үлгүсү. Алты кыргызстандык мырзанын окуясы

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук Гвардия аскерлери. Архив
Улуттук Гвардия аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекен сакчыларынын күнүнө карата Sputnik Кыргызстан өз мырзаларыбыздын эрдиктерин эстеп көрүүнү чечти. Бүгүн өз өмүрүн тобокелчиликке салып башка бирөөнү аман алып калгандарга таазим этебиз.

Бул окуялар бир тасмага жакшы сценарий болуп бере алат. Көр тириликке байланган күнүмдүк турмуштагы мындай эрдиктер чынында эле адамды ойго салат.

Коркконго убакыт жок!

Авиакомпанияларлын биринде ИЛ-76 учагынын бортинженери болуп иштеген Таалайбек Тункушев үй-бүлөсү менен Ысык-Көлдө эс алып жүргөн. Аба ырайы начарлап, катуу шамал болуп жаткан. Тункушев кечке жуук небереси ой-боюна койбой суу жээгине алып барганын эстейт. 

© пресс-служба МЧС КРИЛ-76 учагынын бортинженери Таалайбек Тункушев
Вручение медали МЧС За спасение утопающего Таалайбеку Тункушеву - Sputnik Кыргызстан
ИЛ-76 учагынын бортинженери Таалайбек Тункушев

Жаңы эле сууга бутун салган кезде анын жанына бир аял чуркап келип, сууда сүзө аласызбы деп сурайт. Оң жооп алгандан кийин бир кыздын чөгүп баратканын көрсөтөт. Жакын арада эч ким жок эле. Катуу толкунга карабастан Тункушев дароо сууга кирет. Сууда жакшы чабак ургандыктан анда эч кандай коркуу сезими жок эле. Чөгүп бара жаткан студент кызды куткарып чыгат. Тункушевдин бул эрдиги жерде калбай, бир нече айдан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аны "Чөгүп баа жаткан адамды куткаргандыгы үчүн" медаль менен сыйлаган.

Эстен кеткис эрдик

Өткөн жылдын жай айларынын биринде Ысык-Көлдүн жанындагы Григорьевка айылында сууга чөгүп бара жаткан өспүрүм кызды куткарып калган үч баланын атасы каза болгон. Жубайы кош бойлуу эле. Памир Исмаевдин Мээрим аттуу дудук кызды кызды куткарып чыккан эрдиги учурда төрт баланы жетим калтырды. Өзү да сүйлөй албаган майып Исмаев Бишкектин кафелеринде калем сап, ар кандай сувенирлерди сатып үй-бүлөсүн бакчу. Ал эми анын сөөгү кырсыктан кийин сегиз күндүн ичинде араң табылган. 

Баатырдын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлүп, Исмаев ӨКМдин "Каарман" сыйлыгына көрсөтүлгөн. 7-октябрда Исмаевдин төртүнчү наристеси жарык дүйнөгө келип, ага атасыныкына уйкаштырып Пальмира деген ысым ыйгарылды.

Көз ирмемдик убакыт

Былтыр ноябрь айынын түнү Бишкектин тургундары Жаныбек Токбаев менен уулу Максат Жаныбеков аэропортко кетип бара жаткан жолдо күйүп жаткан үйдү көрүшкөн. Жакын келип, үйдүн ичинде уктап жаткан адамдардын бар экени билип, эч ойлонбостон, уктап жаткандарды ойготуп, эшикке чыгара башташат. 

© пресс-служба МЧС КРБишкек шаарынын тургуну Жаныбек Токбаев
вручения медали За отвагу на пожаре гражданину Жаныбеку Токбаеву  - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынын тургуну Жаныбек Токбаев

Ата-бала беш кыргызстандыкка жаңы өмүр тартуулашты. Аларды арасында тогуз жашар бала да бар. Турак-жай эмереги менен кошо күйүп кетти. Өрттү өчүрүүгө үч унаа тартылган. 

Көрсөткөн эрдиктери үчүн Жаныбек Токбаев менен Максат Жаныбеков ӨКМ тарабынан медаль менен сыйланышты.

Оюндан чыккан кырсык

Январь айында Чүй облусунун Кайыңды айылында 11 жана 7 жаштагы бир тууган кыздар ойноп жатып, үстүнө муз тоңуп калган көлмөгө барышат. Жука тоңгон муз жарылып, кыздар сууга түшүп кетишет. 

Чөгүп бара жаткан кыздардын чуусун көлмөдөн анча алыс эмес жашаган эки дос — 25 жаштагы Айбек Бакытбеков менен Талант Самарбековдор угуп калышат. Үйдөн чуркап чыгышып, аркы өйүздөгү кыздарды көрүшөт. Сарайдан аркан алып, жардамга чуркашат да, бир топ терең суудан эки кызды тең алып чыгышат

Бирок, тилекке каршы, кыздардын улуусу көрүлгөн аракеттерге карабастан эсине келбей каза тапты. 

Жигиттер өздөрүн баатырбыз деп деле эсептебейт. Бирок мамлекет көз жаздымда калтырбай, 12-февраль күнү аларды ӨКМдин медалы менен сыйлады.

Эрдикпи же соцтармактын күчүбү

Бул окуя Москванын "Красносельская" метросунда болду. Унаа күтүп турган аял талмасы кармап, түз эле рельске кулап түшкөн. Баарын көрүп турушса да, перрондогулардын көпчүлүгү аны телефондун камерасына тарта башташкан.

Бир гана кыргызстандык Марат Исаев полиция кызматкери Артем Королюк менен бирге рельске секирип түшүп, аялды куткарууга аракет кылган. Катуу ылдамдыкта келе жаткан поезд жакындап калгандыктан, аны дароо алып чыгууга мүмкүн болгон эмес. Куткаруучулар аялды рельстердин ортосуна жаткырып, өздөрү да ошондой абалда болушкан. Поезд так маңдайларына келип токтомоюнча кыймылдабай жата беришкен. Ошентип Юлия Валь бир ажалдан калды. 

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКыргызстандык Марат Исаев, полиция кызматкери Артем Королюк жана Москва шаарынын мэри Сергей Собянин
Мэр Москвы С. Собянин посетил ОВД Южное Медведково - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык Марат Исаев, полиция кызматкери Артем Королюк жана Москва шаарынын мэри Сергей Собянин

Элчи Болот Жунусов аялды куткаргандыгы үчүн Марат Исаевге президент Алмазбек Атамбаевдин атынан саат жана 100 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырды. Ал эми Москванын мэри Сергей Собянин кыргызстандык жаран менен полиция кызматкерине ыраазычылык билдирди.

Кылымга тете 3 мүнөт

15-февраль күнү Тоң райондук ИИБ аймактык милиционери Шапак Таалайбеков нөөмөтүнөн кийин өз унаасы менен үйүнө кайтып келе жаткан. Төрт-Күл менен Бөкөнбаев айылдарын бириктирген көпүрөдөн өтүп бара жатып, анын четинде турган өспүрүм кызды байкайт. 

© пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиТоң райондук ИИБ аймактык милиционери Шапак Таалайбеков
Милиционер Таалайбеков Шапак - Sputnik Кыргызстан
Тоң райондук ИИБ аймактык милиционери Шапак Таалайбеков

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: өз аскерин асырай албаган эл башка аскерди багат
Таалайбеков кыздын көпүрөдөн секирүү ою бар экенин дароо баамдайт. Автоунаасын токтотуп, аны көздөй чуркайт. Ошол маалда кыз да алдыга кадам шилтейт. Баары бүттү… Бирок милиционер кызды ийининен кармап калууга үлгүрөт. Өспүрүм бошонууга аракет кылып урунуп-чабынганына карабай Таалайбеков аны бекем кучактап, тынчтандырууга аракет кылат, алдыда күтүп турган жаркын келечек тууралуу айта баштайт. Акыры милиция кызматкери нөөмөт бөлүмүнө чалып, болгон окуя тууралуу кабардар кылат. Бир өспүрүмдүн өмүрү сакталды.

Таалайбеков ошол маалда ага убакыт токтоп, ал эми үч мүнөт түбөлүккө айланып кеткендей сезилгенин айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0