Статком эң арык балдар кайсы облуста экендигин тактап чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековБалдарын ээрчитип бараткан аял. Архив
Балдарын ээрчитип бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда салмагы камгактай болгон арык бөбөктөрдүн ичинен кыз балдар көптүк кылаарын изилдөөлөр көрсөттү.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Эң арык балдар өлкөнүн кайсыл облустарында жашай турганын Улуттук статистика комитети аныктап чыкты. Аталган ведомствонун маалыматында, салмагы жагынан Ысык-Көл облусунда жашаган бөбөктөр артта калыптыр. Ал жакта мектеп жашына чейинки ар бир онунчу балага салмак кошуу муктаждыгы турат.

Кыргызстанда биринчи жолу балдарга өпкө ооруларына каршы эмдөө жасалат
Комитеттин отчетунда, өлкөдө илмийген арык балдардын саны жети пайызга чукулдап барары айтылат. Ал эми алардын ичинен алты жашка чейинки кыз балдар көбүрөөк экен. 

Бөбөктөрдүн арыктыгы боюнча, Көлдөн кийин экинчи болуп Ош, үчүнчү орунда Чүй облусу турат дешти. Чүйдө алты жашка чейинки балдардын 9,4 пайызы камгактай жеңил экен.

Салмагы жайында болгон балдар Талас облусунда экендиги аныкталып, 100 бөбөктүн ичинен үчөө эң арык деп табылган.

Ал эми борбор калаа Бишкектеги жагдайга баам салганда, 3,1 пайыз деген көрсөткүч чыкты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0