Кыргызстанда каскадерлордун укугун коргой турган гильдия түзүлдү

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүАвтокаскадер. Архив
Автокаскадер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы түзүлгөн гильдияга Султан Дикамбаев президент болуп шайланса, Жамил Жуматаев вице-президенти болуп дайындалды.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстанда "Каскадерлор гильдиясы" түзүлгөнүн Кинематографты колдоо фондусу билдирди.

Ысык-Көлдөгү тоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Үркүн" тасмасын тартуу Ысык-Көлдөгү Жууку ашуусунан башталат
Маалыматка ылайык, гильдия кинематографисттер бирикмесинин алдында иш алып барып, каскадерлордун укугун коргоо, продюсер жана кинокомпаниялар менен түркүн трюк коючулардын ишмердүүлүгүн жөнгө салган бирдиктүү базаны иштеп чыгуу максатын көздөйт.

Жаңы түзүлгөн гильдияга Султан Дикамбаев президент болуп шайланса, Жамил Жуматаев вице-президенти болуп дайындалды.

Эки жетекчи тең дүйнөлүк каскадерлордун арасында аты таанымал келип, Курманжан датка (Кыргызстан), "Викинги" (Россия), "Марко Поло" (Голливуд) жана башка бир катар тасмаларда өнөрүн көрсөткөн.

Мындан тышкары, гильдиянын мүчөлүгүнө башка мамлекеттин каскадерлору да кабыл алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0