"Кыргызнефтегаз" мамлекетке 8 млн. сомдон ашуун зыян келтирди

Жазылуу
Ишкана сегиз миллионго жакын каражатты "Спецсервис" ишканасына мыйзамсыз которгон.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасы атайын техника сатып алуу келишиминин негизинде мыйзамсыз акча которуу менен мамлекетке 7 миллион 973 миң сомго (7 миллион 248,2 миң рубль) зыян келтирген. Бул тууралуу Мамлекеттик коопсуздук кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын июль айында "Кыргызнефтегаз" жана россиялык "Спецсервис" ишканалары атайын техника сатып алуу боюнча түзгөн келишимге "Спецсервис" "Банк АКЭФ" аркылуу кепилдигин берген.

Ош шаарына Сулайман-Тоодон көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто салыктан баш тарткан ишканага 2 млн. сомдук айып пул салынды
Келишимге ылайык, "Кыргызнефтегаз" 8 миллион 231,6 миң рубль (1 рубль — 1,10 сом) өлчөмүндөгү каражатты алдын ала которгон. Ал эми "Спецсервис" 3 миллион 277,8 миң рубль суммадагы эки экскаваторду жеткирип берген.

"Спецсервис" ишканасынын өтүнүчү менен "Кыргызнефтегаз" ишканасы калган эки миллион 294,4 миң рублду да которгон.

Бирок кепил болгон "Банк АКЭФ" 2012-жылы атын өзгөрткөндөн кийин кепилдик жасалма экендиги белгилүү болгон. Натыйжада "Спецсервис" аталган банктын кардары эмес экени аныкталып, 7 миллион 973 миң сомдук техника "Кыргызнефтегазга" жеткирилген эмес.

Аталган факты боюнча Кылмыш кодексинин "Алдамчылык" жана "Жасалма документтерди пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0