Интернет аркылуу Кыргызстанда сатылган эң кымбат 10 жаныбар

© Sputnik / Табылды КадырбековЛучший иноходец — Ганк. Сейчас в Кыргызстане нет ему равных
Лучший иноходец — Ганк. Сейчас в Кыргызстане нет ему равных - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Интернет булактарында 1,5 миң долларга марал сатып жаткан жаран изделип жатканын Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги билдирген. Sputnik Кыргызстан өлкөдө Интернет аркылуу дагы кандай жаныбарлар сатыларын талдап, эң кымбаттарын аныктады.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Тизмеге Кызыл китепке кирбеген жаныбарлар да алынды. Асыл тукумдуу жандыктарды кармоого бардык жарандар акылуу. Болгону, башка өлкөдөн алынып келген болсо, чек арадан тиешелүү документтери текшерүүгө алынат. 

Интернетте сатууга жарыяланган эң кымбат жаныбарлар:

© фото предоставлено федерацией "Аргымак"Ат чабыштагы жорго
Тачанка - Sputnik Кыргызстан
Ат чабыштагы жорго

Жорго. Боюу 175 сантиметр болгон беш жаштагы жоргого 17 миң доллар суралат. Бул "Lexsus GX 470" үлгүсүндөгү унаанын баасына барабар; 

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКызыл китепке кирген марал
Новоникольский конный завод в Приморском крае - Sputnik Кыргызстан
Кызыл китепке кирген марал

Марал. Кызыл китепке кирип баалуу жандыктардын катарын толуктаган маралды дагы сатып алса болот. Жарнаманын ээси жандыкка болгону 1,5 миң доллар сураган. Анын бир музоосу 500 доллар экени да көрсөтүлгөн. Мыйзам боюнча маралга аңчылык кылууга тыюу салынган. Аны атып алган кишиге 400 миң сом айып тагылат. 

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүЭң ири өлчөмдөгү канаттуу - Төө куш
Ферма Страусиный хутор в Ленинградской области - Sputnik Кыргызстан
Эң ири өлчөмдөгү канаттуу - Төө куш

Төө куш. Африкалык төө куштун баасы маралдан 5,5 миң долларга кымбат болуп чыкты. Он жаштагы төө кушту ээси жети миң долларга баалайт. Куштардын арасынан эң чоң деп эсептелген төө куштун салмагы 156 килогарммга чейин жетет, ал эми жумурткасы Бишкекте эки миң сомдон беш миң сомго чейин бааланат;

© flickr.com / Arnau GiraltАкита-Ину тукумундагы күчүк
10 самых дорогих животных в КР - Sputnik Кыргызстан
Акита-Ину тукумундагы күчүк

Хатико. Японияда ишенимдин, берилгендиктин жана туруктуулуктун символу атыккан Акита-Ину тукумундагы күчүктүн баасы 1000 доллар деп көрсөтүлгөн. Так ушул тукумдагы Хатико аттуу ит ээсине берилгендиги менен Япониянын тарыхында калган. Ага атайын эстелик да тургузулган; 

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКичинекей көлөмдүү франциялык бишон фризе тукумундагы күчүк
Выставка собак РОССИЯ-2013 - Sputnik Кыргызстан
Кичинекей көлөмдүү франциялык бишон фризе тукумундагы күчүк

Бишон фризе күчүгү. Кичинекей көлөмдүү франциялык бишон фризе тукумундагы күчүктөрүнө 950 доллар суралат. Бул жүнү аппак, узундугу 15-30 сантиметр келген асыл тукумдуу жаныбар; 

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүАляскалык маламут ити
Этап Кубка мира по гонкам на собачьих упряжках и скиджорингу - Sputnik Кыргызстан
Аляскалык маламут ити

Аляскалык маламут. Аляскалык маламут ити эң байыркы тукумдардын түрүнө кирет. Мындан улам 2010-жылдан тарта Аляска штатынын символу катары кабыл алынган. Аталган тукумдагы күчүктүн баасы 700 доллар деп көрсөтүлгөн; 

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүМейн-Кун тукумундагы мышык
Международная выставка кошек ИнфоКот-2014 - Sputnik Кыргызстан
Мейн-Кун тукумундагы мышык

Мейн-Кун мышыгы. Мейн-Кун тукумундагы мышык дүйнөдөгү эң чоң мышык болуп саналат. Анын салмагы 5,5 килограммдан 10 килограммга чейин жетет. Бул мышык үчүн анын ээси 700 доллардан жогору бааларды койгон; 

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүМушташууга машыккан короз
Праздник Васильев вечер в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Мушташууга машыккан короз

Короз. Мыкты мушташкан короздордун баасы дагы арзан эмес. Эң төмөн дегенде 300 доллардан башталат. Мушташка машыктырылган тооктор дагы бар, алардын баасы да 300 доллардан жогору; 

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүИгуана түркүмүндөгү кескелдирик
Священник организовал зоосад при храме в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Игуана түркүмүндөгү кескелдирик

Кескелдирик. Түндүк Американы байырлаган Игуана түркүмүндөгү кескелдирикти Кыргызстандан табууга болот. Анын баасы 450 доллар деп көрсөтүлгөн; 

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКооз канаттуулардын бири кыргоол
Алмазные и золотые фазаны в парке Горького - Sputnik Кыргызстан
Кооз канаттуулардын бири кыргоол

Кыргоол. Кооз канаттуулардын бири кыргоолго болгон баа беш миң сомду түзөт. Сатып алгысы келген адамдар интернетке "кыргоол" деген сөздү терсе эле бардык дайын-дареги менен чыга келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0