БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Авиабилеттерге бааны төмөндөтүп, аэропорттун тейлөө сапатын жакшыртуу зарылдыгы тууралуу премьер-министр Темир Сариев Ош аэропортун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, аэропорттон түшкөн кирешеге Тамчы, Жалал-Абад жана Баткен аэропортторун реконструкциялоо керек. Өкмөт башчы быйыл Тамчы — Бишкек, Тамчы — Алматы, Тамчы — Жалал-Абад, Тамчы — Ош багытындагы жаңы каттамдар ачыларын белгиледи.
"Авиабилеттерге бааны төмөндөтүп, аэропорттун тейлөө сапатын жакшыртуу зарыл. Ага жараша жүргүнчүлөрдүн агымы да жогору болот. Кыска мөөнөт ичинде өлкө аэропортторун өнүктүрүү программасын ишке ашырууну жыйынтыктоо зарыл", — деди премьер-министр.
Маалыматка ылайык, 2015-жылы Ош шаарынын аэропортунун кирешеси 400 миллион сомду түзгөн, ал эми жүргүнчүлөр агымы өткөн жылдарга салыштырмалуу төрт эсеге жогорулаган.
Ош шаарынын аэропортун реконструкциялоого 15 миллион сом бөлүнгөн, учурда жүргүнчүлөр үчүн төрт зал курулууда.