БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кыргызстанда жашылдандыруу боюнча үч айлык жарыяланат. Мындай буйрук өкмөттүн жыйынында кабыл алынды.
Жыйын жүрүшүндө премьер-министр Темир Сариев өлкөдө экологиялык маселелерди жөнгө салуу боюнча жашылдандыруу өнөктүгүн жүргүзүү зарылдыгын билдирди. Буга байланыштуу атайын буйруктун негизинде быйыл өлкө боюнча 2 миллион көчөт тигүү чечими кабыл алынып, үч айлык жашылдандыруу акциясы өткөрүлөт.
"Акыркы жылдары жашылдандыруу маселеси абдан начар абалда калган. Бул кемчиликти жоюу үчүн жашылдандыруу өнөктүгүн активдүү жүргүзүү зарыл. Ошондуктан, атайын үч айлык жашылдандыруу өнөктүгү жарыяланат", — деди Сариев.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана Токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Сабыржан Атажанов керектүү көчөттөр менен аталган мекеме камсыз кыларын жана өнөктүк алкагында 100 миң көчөттү мектептерге таратарын билдирди.
Премьер-министр бул өнөктүккө жарандарды да активдүү түрдө катышууга чакырды.