Камсыздандыруучулар: ОСАГО айып пулсуз иштебейт

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтоунаа ачкычы жана акча. Архив
Автоунаа ачкычы жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Камсыздандыруу компаниялары аталган системадан баш тартканы үчүн айып пул 2018-жылдан баштап төлөнө турганына нааразы болушууда.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Унаа ээлеринин жоопкерчилигин сөзсүз камсыздандыруу (УЭЖСМ — ОСАГО) системасы андан өтүүгө баш тарткан айдоочуларга айып пул төлөтмөйүн иштебей турганын "Камсыздандыруучулардын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин президенти Асел Жамансариева билдирди.

УЭЖСМ боюнча мыйзам үстүбүздөгү жылдын 7-февралында ишке кириши керек. Бирок андан баш тарткандарга айып салууну өкмөт 2018-жылга жылдырды. Полистин баасы үч миң сомго бааланса, камсыздоо төлөмү 550 миң сомдун тегерегинде белгиленген.

"Камсыздандыруу механизми өкмөттүн токтому менен жөнгө салынышы керек. Бирок ал биздин колго тие элек. Андыктан аталган мыйзам 7-февралдан баштап иштей баштайт деген туура эмес. Жоопкерчилик (айып пул) каралбаса, бул мыйзам бир да өлкөдө иштебейт, демек биз да төлөм төлөп бере албайбыз", — деди Жамансариева.

Автоунаадагы ОСАГО полиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Унаа ээлерин сөзсүз камсыздандыруу, же кыргызстандык айдоочулар эмнеден коркушу керек?
Анын айтымында, мыйзам боюнча камсыздандыруу компаниялары камсыздандыруудан өтпөгөндөргө да жоопкер болуп калган.

"Росстрах-Кыргызстан" ишканасынын башкы директорунун кеңешчиси Олег Морозов УЭЖСМ системасы жол эрежелерине жана административдик кодекске өзгөртүү киргизгенден кийин толук кандуу иштей турганын белгиледи. 

Ал өткөн жылы жол кырсыгынан жабыркап камсыздандыруудан өткөндөргө 65 миллион сом төлөнүп берилгенин, эми мындай көлөмдөгү каражатты кайдан табуу керек деген маселе туулуп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0