Санкт-Петербургдан Бишкек, Ош шаарларына авиакаттамдар ачылды

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүСанкт-Петербург шаарынын "Пулково" аэропортундагы учак. Архив
Санкт-Петербург шаарынын Пулково аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санкт-Петербург — Ош авиакаттамынын бир тараптуу багыты орто эсеп менен 7968 сомду түзсө, Бишкекке чейин билет баасы 5903 сом турат.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарынынын "Пулково" аэропортунан Бишкек жана Ош шаарларына авикаттам ачылганын Sputnik Кыргызстан агентигине "Уральские авиалинии" авиакомпаниясы билдирди.

Түркиялык Pegasus авиакомпаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркиялык Pegasus авиакомпаниясынын учактары Россияга кайрадан каттай баштады
Маалыматка ылайык, Санкт-Петербург — Ош каттамы февраль айында аптанын шаршемби, жекшемби күндөрү жүрөт. Ал эми марттан баштап, шаршемби, ишемби күндөрү учат. 

Санкт-Петербург — Бишкек каттамы апрелге чейин аптанын шейшемби күнү учса, андан ары шейшемби, жума күндөрү ишин улантат.

Санкт-Петербург — Ош авиакаттамынын бир тараптуу багыты орто эсеп менен 7968 сомду түзсө, Бишкекке чейинки авикаттам баасы 5903 сомго бааланган.

Жүргүнчүлөдү Airbus A320, Airbus A321 учактары ташыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0