Кыргызстанда кыймылсыз мүлк сатуу 26 пайызга азайды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарына көрүнүш. Архив
Бишкек шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыймылсыз мүлк сатып алуу боюнча түзүлгөн келишимдеринин саны азайып, ижарага алуу көбөйгөнү байкалууда.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстанда турак жай сатуу жана сатып алуу боюнча келишим түзүү 26 пайызга төмөндөгөнү Мамлекеттик каттоо кызматынын жылдын отчетунда айтылат.

Былтыр кыймылсыз мүлк боюнча 289 миң келишим түзүлгөн, бул 2014-жылкы көрсөткүчкө салыштырмалуу 11,5 пайызга аз.

Анын ичинен кыймылсыз мүлк сатуу жана сатып алуу боюнча 55,3 миң келишим түзүлгөн. Отчетто бул 2014-жылкыга караганда 26,3 пайызга аз экени айтылат.

Кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу да азайганы айтылып, ижарага алуу кыйла көбөйгөнү белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0