Кыргызстанда сасык тумоого кабылгандардын саны азаюуда

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүМектеп окуучусу сасык тумоого каршы дары алууда. Архив
Мектеп окуучусу сасык тумоого каршы дары алууда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлиги абалга анализ жана мониторинг жүргүзүү улантылып жатканын белгилейт.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстанда сасык тумоонун алдын алуу максатында 30 миң 500 адам эмдөөдөн өткөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Адис: тумоолоп кайрылган шаардыктардын 14 пайызынан "чочко тумоосу" табылган
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери сасык тумоо илдетине туш болгон 6120 адам медицина мекемелерине кайрылган. Бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 1,9 эсеге көп көрсөткүч. 

Министрлик Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал жөнгө салынганын кабарлайт. Мында дарыгерлерге 1669 тургун, же былтыркыга салыштырмалуу 978ге аз адам кайрылган. 

Учурда медициналык кызматкерлер, балдар жана карылар үйүнүн тургундары менен кызматкерлери, майыптар мектеби, кош бойлуулар, оорулуу балдар эмдөөдөн өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0