Эксперттер кыргызстандык үй-бүлөлөрдөгү балдардын эсебин алышты

Жазылуу
Орто чарба, жакыр жана өтө жакыр үй-бүлөдө орто эсеп менен канча бала бар экени белгилүү болду.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы орто статистикалуу үй-бүлө канча балалуу экенин Улуттук статистикалык комитет эсептеп чыккан.

Маалыматка ылайык, шаар жана элетте жашаган орто чарба үй-бүлө орточо эсеп менен бир баланы тарбиялайт экен.

Китеп окуп жаткан өспүрүм жана аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик бөбөктөр айылдагыларга салыштырмалуу тез окуп, тез жазышат
Кирешеси бир кишиге 2,5 сомдон айланган шаардык жакыр үй-бүлө эки балалуу болсо, айылда жашаган мындай үй-бүлө үч перзентти тарбиялап келет.

Бир кишиге 1,5 миң сомдон туура келген шаарда жашаган өтө жакыр үй-бүлөнүн үч баласы болсо, айылдагы мындай ата-эне төрт наристелүү болгону аныкталды.

Статистика боюнча, ар бир үчүнчү кыргызстандык жакыр болуп саналат. Ал эми өтө жакыр жаран жүздөн бирөө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0