Административдик кодексте "автошылуундук" беренеси пайда болду

© Фото / Nate Steiner / wheel gripАйдоочу. Архив
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаадан дене боюн чыгарып, жарандардын тынч тургундардын тынчтыгын бузган жүргүнчүлөргө үч миңден беш миңге чейин айып пул салынат.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Үйлөнүү үлпөт кортеждериндеги унаалардын санын бешке кыскарганын, мыйзам бузулса айып пул салына турганын маалымат жыйында Жол кайгуул кызматынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

Анын айтымында, административдик жоопкерчилик боюнча Кодекске өзгөртүүлөр кабыл алынып, "Автошылуунчулук" беренеси киргизилди.

"Ага коомдук тартипти атайылап бузуу, унаа жарышы жана үйлөнүү үлпөтүн бештен көп унаа коштогон учурлар кирет", — деди ал.

Автоунаадагы ОСАГО полиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Унаа ээлерин сөзсүз камсыздандыруу, же кыргызстандык айдоочулар эмнеден коркушу керек?
Саркулов бул көп көчөлөрдүн кыска аралыгы менен байланыштуу экенин айтты. Анын айтымында, бир светофордон экинчи светофорго чейин жолго беш унаадан ашын машина батпайт. 

Мындан тышкары, унаа ичиндеги адамдардын машинадан дене боюн чыгарууга, коомдук тартипти бузуп, жарандарды бүлгүнгө салууга тыюу салынат.

Кодекстин шартына ылайык, бул эреже бузуулар үчүн үч миңден беш миңге чейинки айып пул каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0