Бийликке баарынан көлдүктөрдүн ишеними аз

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМ кызматкери жана Энесай айылынын жашоочусу. Архив
ИИМ кызматкери жана Энесай айылынын жашоочусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекемелердин ичинен Мамлекеттик байланыш агенттигине ишеним көбүрөөк артылса, ЖАМКтын ишмердүүлүгү көп учурда күмөн санатат.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстанда бийликке баарынан көп Жалал-Абаддын тургундары ишеним артса, көлдүктөрдүн басымдуу бөлүгү ишенбей турганын Улуттук статистикалык комитет аныктап чыкты.

Мекеме калктын өткөн жылдын экинчи жарымындагы аткаруу жана жергиликтүү бийликтеринин ишмердүүлүгүнө карата ишеним индексин сунуштады. 

Сейфке салынган акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чет өлкөлүктөр былтыркыга караганда Кыргызстанга аз инвестиция салышкан
Ага ылайык, калктын дээрлик үчтөн бири (31,6 пайыз) мамлекетке ишеним артат. 

Бийликке ишенбегендердин көбү Ысык-Көл облусунда жашайт экен — 13,8 пайыз, андан кийинки орунда Бишкек, Ош шаарлары менен Нарын облусу турат (30 пайыздан төмөн). Ишеним артпагандардын үчтөн бири Чүй жана Ош облусунун тургундары. Ал эми таластыктардын 44,3 жана баткендиктердин 48,3 пайызы мамлекетке ишенсе, Жалал-Абадда бул көрсөткүч 50,1 пайызды түзгөн.

Министрлик менен мекемелердин арасынан эң көп Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (-1,7 пайыз) менен Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын (болгону 10,4 пайыз) ишмердүүлүгү күмөн жаратып келет. 

Калктын ишенимине баарынан көп Мамлекеттик байланыш агенттиги (60,9 пайыз) менен Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиктери (55,8 пайыз) татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0