Мыйзам долбоор: педофилдер менен бала өлтүргөндөр мөөнөтүнөн эрте бошотулбайт

Жазылуу
Учурда балдарга карата кылмыш жасаган 150 киши жаза өтөп жатат. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы мындай кылмыштар үчүн жазаны катаалдаштырууну сунуштоодо.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) балдарга карата кылмыш жасаган жарандарды мөөнөтү толук аяктагыча абакта кармоону сунуштап жатат.

Мекеме "Айрым мыйзам актыларына толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Учурда коомчулук менен бийлик акыркы убакта балдарга карата жасалган кылмыш көбөйүп, кылмышкерлердин мөөнөтүнөн мурда бошоп жатканына жана турак колониясына которулуп жатканына тынчсыздануусун билдирип келет.

"Балдарга жасалган зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн Кылмыш жана Кылмыш-аткаруу кодекстерине киргизиле турган өзгөртүүлөр иштелип чыкты. Анда балдарга карата оор кылмыш жасагандардын мөөнөтүнөн эрте бошонуусуна жана турак колонияларына которулуусуна тыюу салынат", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда балдарга карата кылмыш жасаган 153 жаран абакта жаза өтөөдө. Анын жетөө — аялдар.

Жаңылыктар түрмөгү
0