Дүйнө биз жөнүндө жар салганда: Кыргызстанды гуглдан издеткен тогуз окуя

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүү"Апрель" революциясында Ак үйдүн жанында. Архив
Апрель революциясында Ак үйдүн жанында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элди кооптондурган революциядан тартып чучук менен байланышкан жаңылыктарды дүйнө эли акмалап турду.

БИШКЕК, 16 янв. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин корреспонденти Google Trends сабына "Кыргызстан", "Киргизия", "Kyrgyzstan", "Kyrgyz Republic", "Bishkek" деген сөздөрдү жазып жатып, дүйнөнүн көңүлүн бурдурган Кыргызстан тууралуу 9 жаңылыкты таап чыкты. 

© Скриншот страницы сайта Google Скриншот графика динамики популярности поисковых запросов Google про Кыргызстан Googleдан Кыргызстан жөнүндө эң көп изделген жаңылыктардын графикалык динамикасынын скриншоту.
Скриншот графика динамики популярности поисковых запросов Google про Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Скриншот графика динамики популярности поисковых запросов Google про Кыргызстан Googleдан Кыргызстан жөнүндө эң көп изделген жаңылыктардын графикалык динамикасынын скриншоту.

1. "Жоогазын революциясы". Өлкөдө 2005-жылдын март айында бийлик алмашты. Президент Аскар Акаев 24-мартта үй-бүлөсү менен Кыргызстанды таштап, Россиядан баш калкалоо алат. Ал эми бийлик оппозициянын лидери Курманбек Бакиевдин колуна өтөт. 

© AFP / VAYCHESLAV OSELEDKO Өлкөдө 2005-жылдын март айында бийлик алмашуу мезгили.
Ситуация в Кыргызстане во время мартовских событий 2005 года - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө 2005-жылдын март айында бийлик алмашуу мезгили.

2. Кыргызстан менен Өзбекстан виза режимин жокко чыгарат. Кыргызстан менен Өзбекстан 60 күнгө чейин созулган визасыз режимди 2006-жылы сентябрь айында киргизген. Келишимге Ташкентте кол коюлган. 

3. Бишкектеги авиакырсык. Itek Air авиакомпаниясынын учагы 2008-жылдын 24-августунда Бишкектен Тегеранга учкан. Бирок, техникалык себептерге байланыштуу экипаж "Манас" аэропортуна кайтып келүү муктаждыгын билдирген. "Боинг 737" учагы аэропортко 10 чакырымдай жерге кулап түшкөн. Учакта 90 адам болсо анын 64ү мүрт кеткен. Тирүү калгандардын арасында экипаждын командири менен экинчи учкучу болгон. Алар коопсуздук эрежелерин бузгандыгы боюнча күнөөлүү деп табылып беш жылга эркинен ажыратылган. 

© Sputnik / Владимир Воронин / Медиабанкка өтүүItek Air авиакомпаниясынын учагы 2008-жылдын 24-августунда болгон авиакырсыктын кесепети.
Авиакатастрофа самолета Боинг-737-200 в районе аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Itek Air авиакомпаниясынын учагы 2008-жылдын 24-августунда болгон авиакырсыктын кесепети.

4. Бакиев "Манас" авиабазасын жапты. Курманбек Бакиев 2009-жылы Москвада өткөн маалымат жыйынында "Манас" аэропортундагы америкалык аскер базасын жабуу чечимин жарыялаган. Бирок, жыйынтыгында база атын өзгөрткөнү менен жабылган эмес. 

5. "Апрель" революциясы. "Ала-Тоо" аянтына 2010-жылдын 7-апрелинде миңдеген жарандар митингге чыгышкан. Расмий маалыматтар боюнча ошол күнү 84 адам каза таап, 1 500 жаран ар кандай жаракат алышкан. 

6. Улуттар аралык араздашуу. Кыргыз-өзбек чатагы 2010-жылдын 10-14-июнь күндөрү болуп өттү. Араздашуунун жыйынтыгында 400дөн ашык адам каза таап, эки миң адам жаракат алган. 

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүү2010-жылдын 10-14-июньдары болгон кыргыз-өзбек чатагы.
Событиям в Оше 5 лет - Sputnik Кыргызстан
2010-жылдын 10-14-июньдары болгон кыргыз-өзбек чатагы.

7. Бир тууган Царнаевдер. Кыргызстандын жарандары 2013-жылдын 15-апрелинде Бостондогу жардырууга күнөлүү деп табылышкан. Жардыруудан үч адам каза таап, 280 жаран жаракат алган. Тамерлан Царнаев полиция менен атышууда ок жеп, ооруканада каза тапкан. Ал эми анын бир тууганы Жохар Царнаевди күнөлүү деп өлүм жазасына тартуу чечими чыгарылган. Бирок, ал чечим бүгүнкү күнгө чейин иш жүзүнө ашырыла элек. 

8. Парламенттик шайлоо. Парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өткөрүлдү. Шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке алты партия өттү. Алар: КСДП, "Республика – Ата-Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү – Прогресс", "Бир Бол" жана "Ата Мекен". 

© Sputnik / Табылды КадырбековПарламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өткөрүлдү.
Ход выборов в Жогорку Кенеш-2015 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өткөрүлдү.

9. Чучук. 2016-жылдын январь айында "Кумтөр" ишканасынын кызматкери Майкл Макфит кыргыздын улуттук чүйгүн тамагы чучукту аттын жыныстык органына салыштырып, жергиликтүү элдин кыжырына тийип алган. Жыйынтыгында элден кечирим сураган Макфит кыргыз жергесинен депортацияланды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0