"Манас" менен фольклор эл аралык окумуштууларды Бишкекке чогултту

Жазылуу
Иш-чара УИАнын вице-президенти, академик, Айтматов таануучу Абдылдажан Акматалиевдин алтымыш жылдык юбилейине карата өтүп жатат.

БИШКЕК, 16-янв — Sputnik. Улуттук илимдер академиясында "Манастан" Чыңгыз Айтматовго чейин: көз караштар жана көйгөйлөр" деп аталган эл аралык конференция өтүп жатат. Бул туурасында аталган академиядан билдиришти. 

"Манас" эпосундагы кыргыз салттары Кытайда талкууланды
Бул иш-чарада чет элдик жана кыргызстандык окумуштуулар "Манас" эпосунун фольклор жана акындык поэзия менен байланыштары, адабий өз ара карым-катнаштардын маселелери талкуулашууда.

Иш-чарага жергиликтүү окумуштуулар, адабиятчылардын сырткары Россия, Казакстан, Түштүк Корея, Түркия жана Япониядан келген илимпоздор катышууда. 

Бул иш-чара УИАнын вице-президенти, академик, Айтматов таануучу Абдылдажан Акматалиевдин алтымыш жылдык юбилейине карата өтүп жатат деп билдиришти аталган институттан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0