Кыргызстандын герби тууралуу кызыктуу 10 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын герби. Архив
Кыргыз Республикасынын герби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз Республикасынын гербинин кабыл алынгандыгына 22 жыл толду.

Өлкөнүн негизги атрибуттарынын бири болгон герб тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кызыктуу фактыларды чогултту.

1. Кыргызстандын биринчи герби 1936-жылы Кыргыз ССРи менен чогуу түзүлгөн.

2. Анын автору москвалык сүрөтчү Оксана Павленко болгон. Ал Кыргыз ССРинин гербин иштеп чыгуу боюнча 23 автор катышкан конкурстан жеңип чыгып, 3 миң рубль алган. Аталган акча мезгилинде бир кыйла эле көп сумма эле.

3. 1936-жылы кабыл алынган гербдин варианты үч жолу алмашкан: 1940-жылы латын тамгалары кириллицага алмаштырылган, 1948-жылы гербге кызыл жылдыз кошулган. Ал эми 1956-жылы С.С.Р. аббревиатурасы орфографиялык жаңы эреже боюнча ССР деп оңдолгон. 

© Sputnik / Медиабанкка өтүү1956-жылы Кыргыз ССР кабыл алынган герби
Герб Киргизской ССР - Sputnik Кыргызстан
1956-жылы Кыргыз ССР кабыл алынган герби

4. Эгемендүү Кыргызстандын азыркы герби 1994-жылы 14-январда кабыл алынган. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭгемендүү Кыргызстандын азыркы герби
Государственный флаг Кыргызстана.  - Sputnik Кыргызстан
Эгемендүү Кыргызстандын азыркы герби
 

5. 1992-жылы жаңы гербди иштеп чыгууга жарыяланган конкурска 2 234 макет келип түшкөн.

6. Эгемендүү Кыргызстандын мамлекеттик символу болуп Нарындагы балдардын көркөм-сүрөт мектебинин директору Асейин Абдраев жана Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Садырбек Дубанаев сунуштаган вариант кабыл алынган.

Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Япониянын Фудзи тоосунун чокусуна Кыргызстандын желеги сайылды
7. Асейин Абдраев гербди иллюминатор менен салыштырып, аны караганда өлкөнүн бардык кооздугун көрүүгө болот дейт.

8. Мамлекеттик гербдин учурдагы варианты Жогорку Кеңештин депутаттары арасында да талаштарды жараткан. 2012-жылы бир катар депутаттар демилге көтөрүп, "советтик эмес" вариантты сунушташкан. Эл өкүлдөрүнүн варианты коомчулукта олуттуу талаш-тартышка жем таштаган.

9. 2013-жылы Асейин Абдраев Садырбек Дубанаев гербин автору эмес деп билдирүү тараткан. Себеби ал, композицияга бүркүттү гана кошуп, ал да көгүчкөн менен тоокко бир канча убакытка чейин салыштырылып келгенин айткан.

10. Бир катар сүрөтчүлөр композициялык символ 1992-жылы 2-июлда бекитилген өзбек символуна абдан окшош деп эсептешет. 

© Sputnik / Утарбеков / Медиабанкка өтүүӨзбекстандын герби
Герб Узбекистана - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандын герби

Буудай менен пахта байгерликти айгинелеп турат. Чыгып келе жаткан күндүн нуру мамлекеттин жолуна жарык чачып турат. Гербин ортосунда "Ак шумкар" өлкөнүн эркиндигин белгилесе, ал эми Өзбекстандыкындагы Хумо канаттуусу бакыт жана эркиндикти түшүндүрөт. Анын артында жаратылыш байлыктары тартылган. Кыргызстандын гербинде Ысык-Көл болсо, Өзбекстандын гербинде Аму жана Сыр дарыялары түшүрүлгөн. Биздин мамлекеттик атрибутка Кыргыз Республикасы жана O'ZBEKISTON деген жазуулар түшүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0