"Түндүк электр" ишканасы электр энергиясын үнөмдөй алды

© Sputnik / Петр Чернов / Медиабанкка өтүүЛампочка. Архив
Лампочка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын жана Чүй, Талас облустарынын тургундары электр энергиясын берилген лимиттен аз колдонушкан.

БИШКЕК, 14-янв. – Sputnik. Апрель айынан декабрь айына карата "Түндүк электр" ААК ишканасынын абоненттери 66,4 миллион кВт.саат электр энергиясын үнөмдөшкөн. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Лампочка. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ош электр" ишканасы: жарандар карыз төлөө мөөнөтүн алты айга чейин узарта алат
Аталган аймактардын абоненттери электр энергиясын берилген лимиттен аз колдонгону маалыматта белгиленет. 

Ушуну менен, каралган электр энергиясын үнөмдөө борбор калаада 3,15 пайызды, Чүй облусунда — 0,09 пайызды, Талас облусунда — 4, 03 пайызды түздү. 

"Түндүк электр" ишканасы Бишкек шаарынын жана Чүй, Талас облустарынын тургундарын электр энергиясы менен камсыздап келет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0