Элдин колунда 8 миңге жакын травматикалык тапанча бар

© Sputnik / Руслан Кривобок"Хорхе-3М" травматикалык тапанча. Архив
Хорхе-3М травматикалык тапанча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдөгү травматикалык куралдарды жүгүртүү жүрүмүн ыраатка салуу демилгеси көтөрүлдү.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Учурда сегиз миңге жакын кыргызстандык травматикалык тапанча көтөрүп жүрөт. Өткөн жылы травматикалык курал колдонуп жасалган 15 кылмыш катталган. 

Бүгүн парламентте курал жөнүндө мыйзамга өзгөртүү, толуктоо киргизүүнү караган мыйзам долбоору талкууланып, ал биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку кеңештин жыйыну учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Келерки аптада депутаттар бюждет жана курал маселесин талкуулайт
Былтыркы жылдын эсебиндеги 15 кылмыш ишинен улам, сунуш кылынган мыйзам долбоору жарандар травматикалык куралдарды сатып алгандан кийин аны пайдаланууну көзөмөлдөө, анын ээсинин жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгы келип чыккан. 

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, куралдын бул түрү КР Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесиндеги дүрмөтсүз жана газдуу куралдардын катарына кошулуу менен, аны мыйзамсыз жүгүрткөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. 

"Травматикалык куралды аттыруу ишин жүргүзүү зарылчылыгы келип жетти, ал эми окуя болгон жерден табылган гильзаны травматикалык куралга идентификациялоо үчүн ИИМдин ок гильзотекасына киргизүү зарыл", — деди Асанов. 

Талкуу жүрүшүндө мыйзам кабыл алынса, травматикалык куралды колдонуу менен жасалган кылмыштардын жана укук бузуулардын өсүшүнө бөгөт боло турганы, арбалет, согуштук жаа сындуу куралдарды да травматикалык куралдардын курамына киргизүү зарылдыгы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0