Кыргызстандын эң жашыл аймактарынын рейтинги

Жазылуу
Улуттук стистика комитети Кыргызстанда жашыл өсүмдүктөр кайсыл аймакта көп отургузулгандыгын эсептеп чыкты.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Өлкөнүн кайсыл аймагында кере-кере жана таза дем алса болорун Улуттук стистика комитети аныктап чыкты. Sputnik Кыргызстан Кыргызстандын эң жашыл аймактарынын рейтингин түздү.

1. Бишкек шаары— 4,9 миң гектар. Шаардык бийликке эл канчалык нааразы болгону менен ар бир экинчи жашылдандырылган аймак Бишкекке туура келет экен. Беш жыл ичинде отургузулган жашыл өсүмдүктөрдүн саны өзгөрбөй эле келе жатат деп билдиришти статкомдон. 

2. Чүй облусу — калктуу пункттарда 1,9 миң гектар. Борбордон айырмаланып, жашыл аймактардын аянты жыл өткөн сайын азайып бара жатат. 2010-жылдан тарта 20 пайызга кыскарып кеткен.

3. Ош шаары — 1 миң гектар жашыл аймак бар экен. Бадалдар менен бак-дарактын саны, аянты жылдан жылга өзгөрбөгөн тейде калууда. 

Фрунзе шаары - Sputnik Кыргызстан
Фрунзе шаары. Шаардын башкы архитектору Геннадий Кутателадзенин жаркын элесине арналат
4. Жалал-Абад обулусунда — 886 гектар. Бул аймакта жыл сайын отургузулган тал-теректер кыскарып барат. Беш жыл илгери алардын саны миңден ашуун болгон. 

5. Ысык-Көл облусунда — 639 гектар. Бул жерде бак-дарактардын саны кескин кыскарып бара жаткандыгын өзгөчө белгилешет. 2010-жылдагы мезгилге салыштырмалуу эки эсеге азайып кеткен. 

6. Нарын облусунда — 392 гектар. Бул жердеги өзгөчөлүк, аздап болсо да аймакта жашылдандырууну көбөйтүү тенденциясы байкалат. 

7. Ош дубаны — 382 гектар. Беш жыл ичинде дак-дарак жарым эсеге жетпесе да, бирок, көбөйгөн. 

8. Талас облусу — 192 гектар. Бул жерде көзгө урунган азаюу же көбөйү деле байкалган эмес.

9. Баткен аймагы — 135 гектар. Кыязы, бул жерде гүлбактарды таап алуу анча деле кыйынга турбайт окшойт. 

Кыргызстанда баарысы болуп бак-дарактар, тал-теректер 10 миң гектар жерге отургузулуп, жашылдандырылыптыр. Дагы беш ичинде алардын саны 11 миң гектарга жетээри айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0